ProWord
Бул сайт сага бата болдубу?
Азыркы балдар кандай кабарды угууга муктаж?
1. Алар Кудай жөнүндө угуулары керек
Кудай куткарылуунун булагы. Балдар Кудай ким экендигин жана Ал эмне кылат экенин билүүсү зарыл. Кудайдын сүрөтүн айкын элестетүүсүз, балдар эч качан күнөөгө болгон жоопкерчилигин түшүнө албайт.
Ошондуктан биз мындай деп үйрөтөбүз:
- Кудай сени жаратты (Эл.иш 17, 23-29): сен Анын алдында жоопкерчиликтүүсүң.
- Кудай сага Библия аркылуу сүйлөгөн (1 Кор. 3-4): сен Аны угууга жоопкерчиликтүүсүң.
- Кудай ыйык жана адилеттүү (Эл.иш 17, 31): ал сени соттошу керек.
- Кудай жакшы жана Ал сени сүйөт (Жакан 3, 16): Ал сен үчүн куткарылууну мүмкүн кылды.
2. Алар күнөө жөнүндө угушу керек
Күнөө жөнүндө окутуу куткарылуунун зарылдыгын көрсөтөт. Күнөө жана күнөөнүн натыйжалары жакшылап жана олуттуу түшүндүрүлүшү керек. Ошондуктан биз мындай деп үйрөтөбүз:
- Сенин күнөөң Кудайга каршы чыгууну билдирет (Забур 50, 4).
- Сен табият боюнча (Эф. 2, 3) жана иштериң боюнча күнөөкөрсүң (Рим.3, 23).
- Күнөө үчүн, сен Кудайдын жазалоосуна татыктуусуң (Рим.1, 18).
3. Алар Ыйса Машайак жөнүндө угуш керек
Ыйса Машайак жөнүндө окутуу балдарга бир гана куткарылуунун жолун көрсөтөт. Балдар Ыйса Машайак ким экендигин жана Ал эмне кылгандыгын билиши керек. Ошондуктан биз мындай деп үйрөтөбүз:
- Ыйса Машайак Кудай Уулу, бир гана Куткаруучу (Эл.иш 9, 20).
- Ал сен үчүн курман болгон (Эл.иш 2, 23.36.38).
- Ал сен үчүн кайрадан тирилген (Эл.иш 2, 24-32).
- Ал кайрадан Асманга сен үчүн көтөрүлгөн (Эл.иш 2, 23-32).
4. Алар тобо кылуу жана ишеним жөнүндө угушу керек
Балдарды Машайакка чакыруу Жакшы Кабардын маанилүү бөлүмү (Жакан 6, 37; Жакан 1, 12). Ошондуктан биз мындай деп үйрөтөбүз:
- Ыйса Машайак Ага келгенге сени чакырат (Мат. 11, 28).
- Сен өз күнөөңөн Кудайга кайрылышың керек (Эл.иш 2, 38; 20, 21).
- Сен Ыйса Машайакка ишенишиң керек жана өзүңдү Ага толук тапшырышың керек (Эл.иш 16, 31; 20, 21).
Акыл, жүрөк жана эрк менен болгон тобо кылуу жана ишеним Машайактын чакыруусуна толук жооп берет (Рим. 6, 17).
Др. Чеслав Бассара ( This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it , www.proword.eu)