Бул сайт сага бата болдубу?



Results

Кабардын пландары

Кудайдын Сөзү мен үчүн кандай мааниге ээ?

 

Менден уккандарыңды туура сөздүн үлгүсү катары ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен сакта. (2 Тиметейге 1, 13).

 

1. Туура сөздүн үлгүсү

2 Тим 1, 13 «үлгү» деген сөз «архитектуралык дизайн» дегенди билдирет. Бул биринчи жыйындын эң башталышында эле доктринанын аныкталган окутуусу болуп келип чыккан. Бул бардык текшерилген окутуунун стандарты болгон. Тиметей бул окутуунун мазмунун өзгөртпөгөнгө эскертилген. Эгерде ал өзгөртө турган болсо ал иштеп жаткан мугалимдерди текшерүүгө эч нерсеси жок болмок. Биз 21-кылымда жашап жаткандар, 1-кылымдагы Элчи Пабылдын окутканын бекем кармашыбыз керек. Биринчи жыйында, антиномианизм деген белгилүү философия таркаган. Ал «биз мыйзамдын алдында эмеспиз» деп айтат. Бүгүнкү күндө бул концепция өлүк эмес. Биз – мыйзамдын алдында эмес, ырайымдын алдындабыз, деп жарыяланат. Жаңы Келишим – бул мыйзамдын эмес, бирок «сүйүү каттардын» жыйноосу деп билдирилген. Кээ бирөөлөр «теология үлгүсү» дегенди кабыл алышпайт. «Туура сөздүн үлгүсү» деген фраза биз карманып жашай турган мыйзамды көрсөтпөйбү (аяттарды кара: 1 Кор. 9, 21; Гал. 6, 2)?

Read more: Кудайдын Сөзү мен үчүн кандай мааниге ээ?

   

Куткаруучуну таануу. Ал ким?

 

Жакан 1,1-3

 

Ыйса Теңир ким? Сен үчүн Ыйса Теңир ким!

Ыйса Теңир бардык жаратылыштын Теңири! (Жакан 1, 1-3, Эф. 3, 9, Кол. 1, 16, Евр. 1, 1-2).

Белгилүү агностик Роберт Ингерсол Генри Уорд Бичер менен сүйлөшүп жатып асмандагы жылдыздардын кооз түзүлүшүнө карап жатып, мындай дейт: «Мен бул нерсени издеп жаткам», «Муну ким жаратты?», «Ким жаратты» деп кайталап сурады Бичер таң калуу менен. «Эмнеге, эч ким жараткан жок, ал өзү эле пайда болду».

Ал жаратылган нерсенин бөлүгү эмес, Ал Жаратучуу! Ал Ыйсанын туулган күнү майрамдардагы сүрөттөрдөн башкача. Ал – Жаратуучу, ошондуктан Теңир! Ал сенин Теңириңби?

Read more: Куткаруучуну таануу. Ал ким?

   

Кызмат кылууга куткарылган!

 

Ким мага кызмат кылгысы келсе, ал мени ээрчисин. Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким Мага кызмат кылса, аны Атам урматтайт. (Жакан 12, 26).

 

Кызматчылар Теңирди ээрчийт: Ким мага кызмат кылса мени ээрчисин…

Ыйса кызматчы Теңиринин аркасынан ээрчийт деп айткан! Кызматчы эч качан өзүнүн кожоюуну эмне кылаарын айтпайт. Машаяктын аркасынан ээрчүү Ыйык Рухтун жетелөөсүндө болот, Ал үчүн жашоого Анын акылына таянып жашоону тандоо, Ал бизден эмнени кааласа, ошону жасоо!

Жаңы Осуятта кызматчы деген сөз грекче doulos деп аталган (кул). Кээ бир учурларда ал diakonos деп аталган (дьякон же жыйын кызматчысы). Бул туура, анткени doulos жана diakonos синоним сөздөрү. Эки сөз тең өзүнө тиешелүү болбой, кожоюуна тиешелүү болуп калган адамды билдирет. Биз Кожоюунубуздун муктаждыктарына кызмат кылганга сатылып алынганбыз.

Ыйса Теңир Өзүнүн кызматчыларын кандай кызмат тапшырган? Алар Ага кызмат кылганы өздөрүнүн жакындарына жардам берүү үчүн, эмнеси болбосо да, канчалык кыйын болсо да, Ыйса айткандай так кызмат кылуу болуп эсептенилет.

Read more: Кызмат кылууга куткарылган!

   

Көңүл чөккөн мезгилдерде биз Кудайдын шыктандыруусуна муктажбыз

 

Еврейлерге 10, 23.35 – Кудайдын бардык эли көңүл көтөрүүгө муктаж!

 

1. Ыскак шыктандырууга мутаж болгон: ‘Мен сени ачарчылык болгон өлкөдө батамды берем!

ТЕҢИР Ыскакка келип мындай деди, Мисирге барба, Мен сага айткан жерде жаша. Ошол жерде келгин катары жаша. Мен сени менен болом, сага батамды берем, анткени сага жана сенин тукумуңа ошол жердин барын берем. Мен сенин атаң Ыбрайымга берген антымды орундатам.

(Башталыш 26, 2-3). (Башталыш 26, 12-13).

Ыскак жашап жаткан өлкөдө тамак-аш кыйынчылыгына учураганда, Кудай ага Мисирге барбай, ошол жерде калышын айтты. Кудай Ыскакты ушул өлкөдө баталай тургандыгын айтты. Ыскак ошол жерге арпа сепкенде, ал жүз эселеп түшүм алды, Кудай ага ушинтип батасын берди. Ыскактын байлыгы көбөйүп, абдан бай болду.

Биз кыйынчылыкка, жетишпестикке жана таарынычка дуушар болгондо, Кудай бизге ушундай эле түрдө батасын берет. Биз оору жана коркунуч жагдайына учураганда, биз андан качып кетүү азгырылыгы келет.

Кудай бизге Өзүнүн улуу күчүн көрсөтүүгө убада берген, бизге кемчилик жана коркунуч туудурган жерде Кудай бизди байытат.

Read more: Көңүл чөккөн мезгилдерде биз Кудайдын шыктандыруусуна муктажбыз

   

Мен жакында келем! Ыйса Теңир

 

Аян 3, 11-12

 

1. ‘Мен жакында келем!’

1.1 Ыйса Теңирдин Эфеске, Пергам жана Сардиске «келүүсү» соттоо максатында болгон, ал эми Анын Филаделфияга келүүсү алардын кыйналуусунан бошотмок.

1.2 ‘Мен жакында келем’ деген убада кысымга алынган адамдарга сороотуу жана кыйноочуларга эскертүү катарында айтылат.

1.3 Машайакчылар Ыйсанын «келүүсүнө» дайыма даяр болушу керек (Аян. 3, 3). Ыйса Теңирдин күтүүсүздөн кайтып келүүсү ишенимдүү кызматтагы стимул.

 

2. Ибадаткана

Эркиндикке чыгуу убактысы Аян китеби. 3:10 айтылат, анда Ыйса Теңир Өзүнүн Жыйынына келгендиги аныкталат. Ибадаткана Миң жылдык Падышачылыкка же Жаңы Жерусалимге байланыштырылат. Чыныгы ишенүүчүгө Кудайдын астында кызмат жана урматка толгон орун берилет.

Read more: Мен жакында келем! Ыйса Теңир

   

Page 3 of 13

<< Start < Prev 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Next > End >>

Джеймс Спержен мындай деп жазган:

Жумуш – бул сенин тандооң, кызмат бул – Машайактын чакырыгы. Иште сен алуунуу күтөсүң, ал эми кызматта сенден берүү күтүлөт. Жумушта бир нерсеге жетүү үчүн, бир нерсени аласың, кызматта сага берилген нерсени кайрадан кайтарып бересиң. Иш сенин жөндөмдүүлүктөрүңөн көз каранды болот, кызмат Кудайдын жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Жакшы аткарылган иш сага даңк алып келет, жакшы аткарылган кызмат Машайакка урмат алып келет.

 

Бул кызмат биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакка даңк алып келиши керек!

Бул сайта жайгаштырылган материалдарды көчүрүп алып, колдонсоңуз болот. Өзүңүздүн кызматыңыз тууралуу Асмандагы Атага айтып, бул берилген тексттердин мазмунун өзгөртбөңүз. Ошондой эле угучуларыңызга жана окуучуларыңызга бул материалды кайдан алганыңызды айтсаңыз да болот: www.proword.eu, Сөздү жарыялоо! (БЖКТК Эл Аралык Библия Окутуу Кызматы).