ProWord
Бул сайт сага бата болдубу?
Кабардын пландары
Азыркы балдар кандай кабарды угууга муктаж?
1. Алар Кудай жөнүндө угуулары керек
Кудай куткарылуунун булагы. Балдар Кудай ким экендигин жана Ал эмне кылат экенин билүүсү зарыл. Кудайдын сүрөтүн айкын элестетүүсүз, балдар эч качан күнөөгө болгон жоопкерчилигин түшүнө албайт.
Ошондуктан биз мындай деп үйрөтөбүз:
- Кудай сени жаратты (Эл.иш 17, 23-29): сен Анын алдында жоопкерчиликтүүсүң.
- Кудай сага Библия аркылуу сүйлөгөн (1 Кор. 3-4): сен Аны угууга жоопкерчиликтүүсүң.
- Кудай ыйык жана адилеттүү (Эл.иш 17, 31): ал сени соттошу керек.
- Кудай жакшы жана Ал сени сүйөт (Жакан 3, 16): Ал сен үчүн куткарылууну мүмкүн кылды.
Азыркы муундарга Жакшы Кабар таратуу
(1 Жылнаама 12,32)
1. Бүгүнкү күндө жашаган муундардын убактысынын айырмасы кандай?
Постмодернисттердин ою боюнча ар бир көз караш конкреттүү мааниге таянат. Бир жагынан бул туура. Биз көбүнчө бир нерселерге өзүбүздүн көз карашыбыз менен карайбыз. Постмодернисттер модернисттердин аналитикалык рационализмге, билим жана белгиленген талабына туура скептицизм менен карашат.
2. Ойлонуунун үч модели
2.1 Теоцентризм
2.2 Модернизм
2.3 Постмодернизм
Алар бардыгын таштап Анын аркасынан ээрчишти
Лука 5, 1-11
План номер 1
Кудай сизди үйрөтүүгө даяр!
Бир күнү Ыйса Генисариет көлүнүн жээгинде турган эле, Кудайдын Сөзүн угуш үчүн, Анын жанына эл үйүлүп калды. (Лука 5, 1).
Сабак номер 1
Эгерде мен угууга даяр болсом, Кудай мени үйрөтүүгө даяр!
План номер 2
Кудай Өзүнүн күчүн көрсөткөнгө даяр!
Суунун жээгинен, Ал балыкчылар калтырган эки кайыкты көрдү, алар торлорун жууп жатышкан эле. Эки кайыктын бири Шымондуку эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, андан жээктен бир аз нарыраак сүзүп баруусун өтүндү. Анан Ал кайыкка отуруп алып, элди окута баштады. Ал сөзүн бүткөндөн кийин, Шымонго, “Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла.” Шымон Ага, “Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок Сен айтып жаткан соң, торду салайын”, деди. Алар торду салып, абдан көп балык кармашты. Балыктын көптүгүнөн тор айрылып башташты. Ошондо алар кол булгап, экинчи кайыктагы жолдошторун жардамга чакырышты. Алар келип, балыктарды салышканда, эки кайык тең толуп калды. Кайыктар чөгө баштады (Лука 5, 2-7).
Биз эмнеге миссияларга катышышыбыз керек?
Матай 28,18-20,
Марк 16, 15,
Жакан 20, 21,
Римдиктерге 10, 13-15,
Элчилердин иштери 13, 2-4.
Тарыхый факт Жакшы Кабар таратылып жаткан жерлерге караганда таратылбаган жерлерде кедейчилик, кылмыш, оруу, бузулган үйлөр, тарбиясы туура эмес балдар, ач көздүк, пара алуучулук жана согуштар көбүрөөк болот деп көрсөтөт.
Тарыхый жазуулар боюнча 6,000 жылдын ичинде 14,530 согуштар болгон. Бул орто эсеп менен алганда, бир жылда 2.6 согуштар болот. Цезарь бир душман жоокерди өлтүрүш үчүн $75 сарптаган. Наполенго болсо $3,000 керектелген. Ар бир душманды өлтүрүү үчүн Биринчи Дүйнөлүк Согушта биз $21,000 сарптадык. Ал эми II Дүйнөлүк Согушта $200,000 болду.
Азыркы болуп жаткан согуштарга, болжолу менен $1,000,000 сарпталат.
Бизге балдардын миссиясы эмне үчүн керек?
Элчи Пабыл Римдиктерге 1,16 жазган катында мындай дейт ‘Жакшы Кабар - бардык ишенгендерди куткара турган Кудайдын күчү.’ Ыйса Теңирдин бизге болгон акыркы тапшырмасы ‘бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.’ (Марк 16,15).
1. Балдардын миссиясы керектигинин эң биринчи жана негизги себеби – бул Ыйса Теңирдин күчтүү буйругу. Машайакчылар бул буйруктан кача албайт. Ыйса Теңир балдардын келишин каалайт (Марк 10,14; Мат. 18,14). Библиялык Жакшы Кабар таратуу бул бардык адамдарга, балдарга дагы таратуу дегенди билдирет.
2. Балдардын руханий муктаждыктары бар. Ыйса Теңирсиз алар руханий өлүк. Аларда күнөөнүн проблемасы бар жана алар Ыйса Машайакка ишениш керек.
3. Балдар өздөрүнүн жөнөкөй ишеними менен Жакшы Кабарды кабыл ала алышат. Пет Вербел, Эл Аралык Балдар Миссия кызматынын автору жана консультанты мындай дейт: ‘75-85% өздөрүн Кудайга арнаган машаякчылар 15 жашка чейин ишенип калышкан.’
Page 1 of 13
<< Start < Prev 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Next > End >>