Бул сайт сага бата болдубу?



Results

Тозоктон түзмө-түз келген сыйынуу

 

Лука 16, 19-31

Жүйүт 22-23

1 Корунттуктар 16,15

 

Миссия деген эмне?

Миссия бул – башкаларга Жакшы Кабарды угузуу үчүн өзүн толугу менен арноо!

Менде, жанымда жүргөн адамдарды Кудайга тапшырууга, алар тозокко барбоого чечим кабыл алуусу үчүн, колуман келгенин бардыгын жасоого каалоо барбы?

Менин миссиям эмне?

Мен жиберилдимби? Кудай мага тапшырган жоопкерчиликти толук кабыл алдымбы?

Эмнеге машаякчылар миссияда активдүү болуш керек?

 

1. Эки чоң суроо.

Библиядагы адамдын суроосу: «Мен бир-тууганыма кароолчу белем?» (Башталыш 4,9)

Кабыл өзүн актагысы келген үчүн, ушул суроону берген.

Экинчи чоң суроо: «Менин жакыным ким?» (Лука 10, 29)

Мыйзам окутуучу анын жакыны ким экенин билген эмес.

Ар бир Машаякчы ушул эки суроону өзүнө бериш керек. Ал эле эмес, биз аларга жооп берүүбүз керек!

 

2. Тозокко болгон экскурсия – Лука 16, 19-31.

Тозок – бул миссионерлерди катуу күтүп, аларды чакырып жаткан адамдарга толгон жер. Тозокто Кудайды четке каккан жана Кудайсыз түбөлүк жашоого туш келген адамдар чогулган. Алар руханий жашоонун чындыгын билишет, бирок түбөлүк Кудайсыз болушат.

Көптөгөн Машаякчылар Кудайдын Сөзүн окушат жана: «Мен мындамын, мени жибер» деп сыйынышат. Бирок алар миссия үчүн эч нерсе кылышкан жок, өзүнүн үстүртөн болгон жашоосууна канааттанышып жашай беришет. Алар тозокко кетип бара жаткан адамдар жөнүндө ойлонушпайт.

21 чи кылымда жашап жаткан Машаякчылар Элчилердин иштериндеги жазылган Македониялык чакырууну колдонушабы?

 

3. Статистика.

Статистика боюнча ишенгендердин 3% гана миссияга кошулушат.

Машаякчылар ит жана мышыктарга миссияга караганда көбүрөөк акчасын коротушат.

Тозокту көздөй кетип бара жаткан адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп бара жатканы өкүнүчтүү эмеспи?

Жыйындарга барган мүчөлөрдүн жалпы саны Ыйса Теңир жөнүндө жөнөкөй күбөлүгү менен да бөлүшө алышпайт.

Библия дүйнө жүзү боюнча окулуп жаткан китеп, бирок Машаякчылардын көбү бир жумада үчтөн бөлүмдөн ашык окушпайт.

 

4. Максат.

Кээ бир Машаякчылар бейишке бара тургандыгы үчүн абдан бактылуу болушат дагы, тозокко кетип бара жаткан адамдар жөнүндө унутуп калышат. Машаякчыларга тозокту көрүүлөрү керек. Бул максат бизге чогуу сыйынганга, орозо кармаганга жана чындыктын жолун таппаган адамдарга куткарылууга алып келиш үчүн өмүрүн арнаганга жардам берет. Адашкан адамдарды куткаруу максаты Машаякчылардын үйлөрүнөн башталышы керек, ага биздин чөнтөгүбүздү жана банктагы счетубуз да кирет.

Эгерде мен бара албасам, анда мен башка бирөөнү жиберишим керек.

Эң башкы муктаждык – бул сыйынуу. Бизде, көп жыйындарда жоголуп кеткен, «сыйынуу менталитети» болуш керек.

Биздин жашообузда миссия эң маанилүү чакырык болуп эсептенилеби? Башка жагынан алып караганда биз өзүбүздү жакшы өнүгө элек жыйындардын дубалдарында бекитүүнү көбүүрөөк каалайбыз.

 

5. Дүйнөнүн абалы.

Эгерде бүгүнкү күндө жашаган адамдын саны 100 болсо, анда алардын 66 сы эч качан Ыйса Теңир жөнүндө угуша элек.

Алардын ичинен 70и ак рассага жатпаган адамдар.

57 си Азиаттар.

21 ри европалыктар.

70 окуй алышпайт.

50 кечки тамагы жок укташат.

1 өө уиверситеттеги окуусу менен мактана алат.

40 бала Жакшы Кабарды укканга даяр.

6 сы дүйнөлүк байлыктын 50% ээ.

Аладын 3 өө бүгүнкү күндө тозокко жакын.

 

Эгерде биз Ыйык Рухту укпасак бул статистиканын мааниси жок. Ал биз аркылуу иштегиси келет!

 

6. Машаякчыларга болгон Кудайдын планы.

Көбүрөөк сыйын жана миссияларга кошулуп башта.

Биз бир нече суроо берүүбүз керек:

Эгерде жыйындын ар бир мүчөсү мендей активдүү болсо, анда жыйыныбыз кандай болот эле?

Эгерде жыйындын ар бир мүчөсү мендей берсе, анда жыйыныбыз кандай болот эле?

Эгерде жыйындын ар бир мүчөсү мендей сыйынса, анда жыйыныбыз кандай болот эле?

Мен көбүрөөк нерсе кыла аламбы?

Мен көбүрөөк бере аламбы?

Мен көбүрөөк сыйына аламбы?

Бейишке кирип бара жатканда, сен Теңир жөнүндө күбөлөндүргөн адамдарды көрөсүң. Сен аларга бир гана Куткаруучуну көрсөткөнсүң.

Эгерде сен болбосоң, ким?

Бул жерде болбосо, кайсы жерде?

Азыр болбосо, качан?

 

Др. Чеслав Бассара ( This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it , www.proword.eu)

Джеймс Спержен мындай деп жазган:

Жумуш – бул сенин тандооң, кызмат бул – Машайактын чакырыгы. Иште сен алуунуу күтөсүң, ал эми кызматта сенден берүү күтүлөт. Жумушта бир нерсеге жетүү үчүн, бир нерсени аласың, кызматта сага берилген нерсени кайрадан кайтарып бересиң. Иш сенин жөндөмдүүлүктөрүңөн көз каранды болот, кызмат Кудайдын жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Жакшы аткарылган иш сага даңк алып келет, жакшы аткарылган кызмат Машайакка урмат алып келет.

 

Бул кызмат биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакка даңк алып келиши керек!

Бул сайта жайгаштырылган материалдарды көчүрүп алып, колдонсоңуз болот. Өзүңүздүн кызматыңыз тууралуу Асмандагы Атага айтып, бул берилген тексттердин мазмунун өзгөртбөңүз. Ошондой эле угучуларыңызга жана окуучуларыңызга бул материалды кайдан алганыңызды айтсаңыз да болот: www.proword.eu, Сөздү жарыялоо! (БЖКТК Эл Аралык Библия Окутуу Кызматы).