Бул сайт сага бата болдубу?



Results

Чеслав Бассара

 

1948 Бреззеде Ошвитцтин жанында Польшада, Машайакчылардын үйүндө төрөлгөн .

1965 Теңирди кабыл алды. Ошол эле жылы Польшада балдар кызматын алып барган. Ошвитцте 1969 ж чейин окуган жана иштеген.

1969-1974 Польша өлкөсүндө Варшава шаарында, Христиандык Теологиялык Академиясын бүтүргөн.

1972 Хелена менен үйлөнгөн. Эки баласы бар, Богдан (1975 төрөлгөн) жана Дорота (1979 төрөлгөн). Экөө тең үй-бүлөлүү жана колуктулары менен чогуу (Агнеска жана Конрад) БЖКТК да кызмат кылышат.

1975 Польшада Теология боюнча Магистр наамына ээ болгон.

1976 Швейцария өлкөсүндө, Килшимер шаарында БЖКТК Жетекчилик Окуу Институтун бүтүргөн.

1969 – 1990 Польшада балдарга жана жаштарга жакшы кабар таратуунун уюштурган жана мугалимдерди жана ата-энелерди окуткан.

1982 – 1990 Польшада жыйындарды түзгөн, Библиялык мектептерде жана Жакшы Кабар таратуучу жыйындарды окуткан.

1991 жылдан 2006/2007 жылга чейин Хелена менен чогуу Орто жана Чыгыш Европада БЖКТК Директору болуп кызмат кылган. Россия жана Орто Азияда БЖКТК кызматына өзгөчө кызмат өтүп, 30 өлкөлөрдүн улуттук лидерлерин жетектеген. Ошондой эле Европалык Кеңештин мүчөлөрү.

2000 – 2006 Бельгия өлкөсүндө Хеверли/Лювен шаарында Евангелиялык Теологиялык Факультетинде теологиялык докторлук программаны окуган.

2006 Систематикалык Теологиянын докторлук даражасына ээ болгон: ‘Postmodern Hermeneutics and the Evangelical Response.’

2008 «Сөздү жарыялоо» БЖКТК нун Библия Окутуу Кызматын баштаган.

 

Др.Чеслав Бассара англисче, немисче, орусча, польшалык тилде жана эсперанто тилинде сүйлөйт. Анын Библия окутуу кызматы бардык континенттерде, 60 өлкөлөрдө өткөрүлөт.

 

 

Бир туугандар, биз үчүн сыйынып тургула,

силердегидей эле бизде да Кудайдын Сөзү

таратылсын жана даңкталсын. (2 Тес. 3, 1)

 

 

Джеймс Спержен мындай деп жазган:

Жумуш – бул сенин тандооң, кызмат бул – Машайактын чакырыгы. Иште сен алуунуу күтөсүң, ал эми кызматта сенден берүү күтүлөт. Жумушта бир нерсеге жетүү үчүн, бир нерсени аласың, кызматта сага берилген нерсени кайрадан кайтарып бересиң. Иш сенин жөндөмдүүлүктөрүңөн көз каранды болот, кызмат Кудайдын жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Жакшы аткарылган иш сага даңк алып келет, жакшы аткарылган кызмат Машайакка урмат алып келет.

 

Бул кызмат биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакка даңк алып келиши керек!

Бул сайта жайгаштырылган материалдарды көчүрүп алып, колдонсоңуз болот. Өзүңүздүн кызматыңыз тууралуу Асмандагы Атага айтып, бул берилген тексттердин мазмунун өзгөртбөңүз. Ошондой эле угучуларыңызга жана окуучуларыңызга бул материалды кайдан алганыңызды айтсаңыз да болот: www.proword.eu, Сөздү жарыялоо! (БЖКТК Эл Аралык Библия Окутуу Кызматы).